Билим берүү департаменти Ден-соолукту чыңдоо борбору менен биргеликте №20 бала бакчасынын базасында "Биринчи жардам. Кутурма, анын профилактикасы. Балдардын жугуштуу оорулары" темасында медайымдар үчүн семинар өттү.
Бул семинарда Ден-соолукту чыңдоо борборунун адистери ооруну кантип аныктаса болот, кантип өз учурунда биринчи жардамды көргөзүш керектигин жана ата-энелер менен биргеликте кантип оорууларды алдын алса болорун айтып беришти.
Белгилей кетсек, соңунда катышуучулар өздөрүнун суроолорун берип, так жооп жана көрсөтмөлөрдү алалышты.