Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев №1 Муниципалдык аймактык башкармалыктын жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда чогулгандар өздөрүн кызыктырган суроолорун акимге түз бере алышты. Шаар тургундарын ар кандай маселелер кызыктырды: коомдук транспорт менен камсыз кылуу, райондун көчөлөрүнө видеокөзөмөл камераларын орнотуу, үйлөрдүн фасаддарын сырдоо, аймакты санитардык тазалоо, күнүмдүк мүнөздөгү көптөгөн суроолор болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында район башчысы тургундарга райондун турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, шаардык кызматтарга тапшырмаларды берди.