Исанов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин жолдун чыгыш тарабынан асфальтка даярдоо иштери аяктады.  Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин ирригациялык системаларды орнотуу уланууда.

Ушундай эле иштер батыш тарапта пландаштырылган, бирок курулуш иштерин кызыл сызыктан чыккан дарбазалар кыйындатып жатат.

Ошентип, Исанов көчөсүнүн батыш тарабынан Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки эски асфальты сыйрылып, ирригациялык системаны жана бордюрларды орнотуу иштери башталды.

Даярдык иштери толугу менен аяктаган объектилерге аба ырайынын ыңгайлуу шарттарында асфальт-бетон аралашмасын төшөөнү баштоо пландаштырылууда.