Жол тыгынын жоюу үчүн жаңы жолдун курулушу башталды.
Элебесов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чыгуучу Аральский тилкесинде капиталдык оңдоо иштери башталды.
Бул Абдрахманов көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинде альтернативдүү жолду түзөт.
Жолдун узундугу 1500 метр, туурасы 6 метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки жол жарым-жартылай асфальтталды. 2 катмар асфальтбетон аралашмасын төшөп, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жакында Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки тротуарды капиталдык оңдоо иштери башталат.
Буга чейин бул аймакка 3 дренаждык түтүк орнотулган. Курулуш иштеринен тышкары кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмолор, кампалар алынды.
Аба ырайынын жагымдуу шарттарына байланыштуу капиталдык оңдоону 2023-жылдын 10-октябрына чейин бүтүрүү пландалууда.