«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан Биринчи май жана Свердлов райондорунда  жайгашкан  ачык коллектордук-дренаждык түйүндөрдү  кол менен жана механикалык түрдө тазалоо иштери уланууда.

Мындан тышкары, Ленин районунда «Ала-Арча» дарыясы тазаланууда, ошондой эле Октябрь районунда магистралдык каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Магистралдык каналдарды, дренаждык жана ирригациялык тармактарды таштандыга толтурбоону жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону өтүнөбүз.