2023-жылы 16-сентябрда  Бишкекте жалпы республикалык ишембилик өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти «Жаштарды өнүктүрүү институту» фонду менен биргеликте «Аска-Таш» кире бериш комплексинин жанаша аймагында масштабдуу иш-чара өткөрдү.

Ишембиликке ар кайсы окуу жайлардын студенттери катышты. Бул   демилгеге 100дөн ашуун адам кошулду.

Белгилей кетсек, катышуучулар аймакты тазалоодо активдүү иштешип, чогуу бардык таштандыларды шыпырып, чогултушту. Андан соң сатылып алынган шыпыргылар, кол каптар жана баштыктар «Тазалык» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилди.