Ишкердикти колдоо программаларын ишке ашыруу жана көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында  2023-жылдын  15-сентябрында Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын жыйындар залында райондогу ири чарба субъекттеринин жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү.

Бул жыйынга Свердлов районунун муниципалдык администрациясынын, Свердлов районунун прокуратурасынын жетекчилиги, шаардык жана райондук кызматтардын өкүлдөрү  «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы, Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы, Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти, Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы, Социалдык фондунун Свердлов райондук башкармалыгы, ошондой эле 25 өнөр жай ишканаларынын, соода-базар комплекстеринин жана соода борборлорунун жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан райондун ишкерлери менен ар кандай маселелер боюнча маалымат-кеңеш берүү иштери жүргүзүлдү.

Свердлов райондук прокуратурасынын жетекчилиги катышуучуларга мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан коммерциялык түзүмдөргө текшерүү жүргүзүүдө мыйзамдуулуктун сакталышы, ошондой эле ишкерлерди негизсиз текшерүүгө жол берилбестиги тууралуу баса белгиледи.

Свердлов райондук салык кызматынын өкүлү контролдук-кассалык машиналарды, ЭТТК колдонуу, салык процедураларын жөнөкөйлөтүү жана ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөгү жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин өкүлүнүн муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу тартиби тууралуу маалыматы угулду.

Талкууланган темалар боюнча ишкерлер түрдүү суроолорду беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тейлөө тармагынын туруктуу иштеши жана райондун өнөр жай тармагындагы өндүрүштүк потенциалын жогорулатуу үчүн кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашышты.

Ленин акимиатында ишкердикти колдоо программаларын ишке ашыруу жана көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында жыйынга муниципалдык администрациясынын, Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы жана 27 өнөр жай ишканаларынын, соода-базар комплекстеринин жана соода борборлорунун жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жыйында 2023-жылдын 4-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин № 446 токтомун, Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын иштешине талаптар жөнүндө жобосун ишке ашыруу максатында Ленин районунун аймагында жайгашкан базарлар жана кичи базарлардын ээлерине Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы тарабынан маалымат берилип, жыйындын катышуучуларынын суроолоруна түшүндүрмө берилди.