Биринчи май районунун «Достук» жаңы конушунун Профсоюз жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп функционалдуу жаңы спорт аянтчасы жарандык демилге менен ачылды.

Катышуучулар үчүн чакан концерттик программа уюштурулуп, ырчы Кайрат Примбердиевдин жана балдар аниматорлорунун өнөрлөрү тартууланып, майрамдын аягында балдарга бекер балмуздак таратылды.

Белгилей кетсек, балдар аянтчасы 18 сотыхты түзүп, үч зонага бөлүнгөн - воркаут, чоңдор жана балдар үчүн.