Ишембиликке 89 уюм жана мекемеден 5 миң 440 адам катышып, 4 бирдик атайы техника тартылды.


Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын айланасын тазалашты.


Ишембиликке Ленин районунан 17 уюм жана мекемеден 2 миң адам катышып, райондун айланасы тазаланды.


Октябрь районунан 31 уюмдан 1 миң 125 адам катышып, «Физкультурный» сейил багы жана Жеңиш паркынын айланасын тазалашты.


Биринчи май районунда 16 мекеме жана уюмдан  1 миң 578 адам катышты. Катышуучулар тарабынан медициналык жана окуу мекемелеринин айланасы тазаланды.


Свердлов районунан 25 уюмдан 664 адам катышты. Катышуучулар тарабынан чөптөр чабылып, арыктар тазаланды, 50 түп эмен көчөтү отургузулду.