Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментине караштуу Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары жыл сайын өтүүчү грек-рим күрөшү боюнча «Мемориал Героя Советского Союза А.М. Аксёнова. Возрождение» эл аралык турниринде күмүш жана коло медалдарды жеңип алышты.

Ошентип, Ким Роман күмүш, ал эми Бектурдиев Темирлан коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, мелдеш 2023-жылдын 8-сентябрынан 11-сентябрына чейин Новосибирск шаарында өткөн. Мелдешке жалпысынан Армения, Азербайжан, Беларусь, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия Федерациясынан 200дөн ашык балбан катышты.