Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тышкы жарнаманы  тартипке келтирүү боюнча рейд өткөрүүдө.

Алсак, Манас проспектиси менен Ч.Айтматов проспектисинен бойлой Резиденцияга чейин (Түндүк көчөсү) көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү ишин жүргүзүдү. Иштин жыйынтыгында 50 жарнама конструкциясы, анын ичинде 8 жарнма тактасы жана 42 баннер демонтаждалган.

Ошондой эле, берилген билдирүүнүн негизинде Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жалпы аянты 30 чарчы метрди түзгөн күркө жана Түштүк-2 кичи районунда жайгашкан  жалпы аянты 40 чарчы метр болгон контейнер ээси тарабынан өз ыктыяры менен демонтаждалды.

Буга чейин комиссия жарнамаларды жана кулактандырууларды таратуу эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү боюнча жүргүзүлүүдө.