Райондук акимчиликтерде балдар иштери боюнча комиссиялардын жыйындары уланууда.

Биринчи май акимчилигинде акимдин орун басары Айнура Арстамбекованын, билим берүү борбору, ҮМБ, психологдор жана социалдык кызматкерлер, өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, SOS Балдар айылы коомдук фонду, «Элим барсыңбы» коомдук бирикмеси, «Альтернатива» үй-бүлөнү бириктирүү борборунун катышуусунда жыйын өттү.

Алар 8 жаштагы жана андан жогорку жаштагы балдарды 1-класска кабыл алуу, балдарды социалдык мекемелерде жашоо мөөнөтүн узартуу же жайгаштыруу боюнча 12 материалды карап чыгышты.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, райондордун балдарды жана үй-бүлөнү колдоо боюнча тынымсыз телефонуна кайрылыңыз:

- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.

Балдарга жардам көрсөтүү борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.