Борбор калаада Биринчи май районунун балдар жана чоңдор арасында шахмат боюнча мелдеш өтөт.

Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде 23-сентябрда саат 10:00дө «Шахмат аллеясы» райондун бардык тургундары үчүн мелдеш аянтчасына айланат.

Турнир Швейцария системасы менен  ФИДЕ эрежеси боюнча 7 раундда өтөт,  убакытты көзөмөлдөө 10 мүнөт+5 секундду түзөт.

Жеңүүчүлөр топтолгон упайлардын саны боюнча аныкталат, бирдей болгон учурда төмөндөгүлөр эске алынат:  натыйжасыз кыскартылган коэффициент жана жалпы Бухгольц коэффициенти, кара түстөгү оюндардын саны.

Урматтуу шахмат күйөрмандары! Орундар чектелүү, 6 жаштан 17 жашка чейинки 16 катышуучуга, 18 жаштан жогору 18 катышуучуга гана уруксат берилет.

Арыздарды турнирдин башкы катчысы Толкунбек Асанбековго саат 9:00дөн 18:00гө чейин 0702 493 993, 0990 312 345 телефондору аркылуу тапшырса болот.