2023-жылдын 21-сентябрынан тарта турак жайларга ичүүчү сууну берүү төмөнкү көчөлөрдө саат 9:00дөн 15:00гө чейин токтотулат:

• Ч.Айтматов проспекти №93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6;
• Тыналиев көчөсү 139/3;
• Т.Океев көчөсү 39/3, 39/4.

Өчүрүү Аэропорт суу топтомо жайында жана шаардык суу түтүгү тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.