«Көлмө» конушунун жашоочулары  Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына мыйзамсыз курулган  имарат боюнча кайрылган. Бүгүн, мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Махатма Ганди көчөсү № 408, 406 дарегинде жайгашкан имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Башкармалыктын кызматкерлери бардык шаардык кызматтардын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышты.

Иштин жүрүшүндө, тургундардын жашоосуна тоскоолдук жараткан, жолду тосуп алган объектилер демонтаждалган.

Буга чейин Башкармалыктын кызматкерлери   “Бишкекбашкыархитектура” МИнин, Бишкек шаары боюнча Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жана №14  МАБнын кызматкерлери менен биргеликте комиссиялык текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында объект мыйзамсыз орнотулганы, тагырак айтканда, уруксат кагаздары жок салынганы аныкталган. Буга байланыштуу менчик ээсине муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотулган курулуштардан бошотуу боюнча эскертүү берилген.