Октябрь администрациясынын жыйындар залында аким Жаныбек Орозалиевдин төрагалыгы астында райондогу мектеп директорлору менен 3 жолу жолугушуу өткөрүлдү.

Анда төмөнкү маселелер талкууланды:

- Октябрь районундагы мектептердин китепканаларын электрондоштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу;
- мектеп окуучуларынын коопсуздугу жана билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарынын сакталышы.

Белгилей кетсек, жыйындар райондун прокурорунун, РИИБдин башчысынын жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.