2023-жылдын 19-сентябрында саат 9.00дөн 22:00 гө чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу  берүү убактылуу токтотулат.

Өчүрүү району төмөнкү  көчөлөрү менен чектелет:

Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү -  темир жол, ошондой эле  «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» конуштары.

Ичүүчү суу «Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы  келтирилген   ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.