Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү мэрияга караштуу райондук администрациялардын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, муниципалдык ишканалардын мамлекеттик тил боюнча адистери үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу боюнча семинар өттү.
Семинарда муниципалдык мекеме-ишканаларга укуктук ченемдик актыларын жаңы кабыл алынган конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын кынтыксыз аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүү, ошондой эле мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө белгиленген үлгүдөгү тастыктамасы жок кызматкерлерди “Кыргызтест” системасы аркылуу тестирлөөдөн толук өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.