«АК ИЛБИРС» адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин XXII Эл аралык Ысык-Көл спартакиадасына «Азия – шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы» урааны астында катышты.
Мелдешке Кыргызстандын бардык облустарынан, ошондой эле Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Иран, АКШ, Кытай жана Швециядан келген 1500дөн ашык спортчу катышып, спорттун 22 түрү боюнча күчтүүлөрдү аныкташат.
«АК ИЛБИРС» спорт мектебинин тарбиялануучулары пляж күрөшү боюнча турнирге катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.
59 кг салмакта Үсөн кызы Акак жана 72 кг салмакта Медетбек кызы Мираида 1-орунга ээ болушту.
Күмүш медалды 88 кг салмакта Манченко Рудольф менен Таалайбеков Акынбек, ошондой эле 72 кг салмакта Асанбекова Аида жеңип алышты. Коло медалдар 88 кг салмакта Феликс Уланбековго жана 72 кг салмакта Карыпбекова Уларга тапшырылды.