И.В. Панфилов атындагы №6 автордук окуу комплекси мектеп-гимназиясынын (АУВК) базасында кеңешме өттү.
Ага Биринчи май райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Самара Шербаева, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, жарандык коргонуу, ошондой эле өрт өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу бөлүмдөрүнүн, Аскер комиссариатынын, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаментинин өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын директорлорунун тарбия иштери жана чарба иштери боюнча орун басарлары катышты.
Күн тартибинде беш маселе каралды:
- жарандык коргонуунун бир айлыгын өткөрүү, өрт коопсуздугу боюнча окутуу;
- уландарды аскердик каттоого алуу;
- «Мектеп лигасы» спартакиадасы;
- жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук программаларын ишке ашыруу.
Кеңешменин жыйынтыгында тарбия иштери боюнча бардык жетекчилерге, ошондой эле ОИИБге жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.
Белгилей кетсек, Биринчи май районунда 23 мектеп, 18 бала бакча, балдардын чыгармачылык борбору бар.