«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын 3-тилкесинин  ширетүүчүсү Чынгыз Латипов Ысык -Көлдө өтүп жаткан эл аралык спорттук спартакиадага катышып, гира көтөрүү жана таяк тартуу боюнча 2 медаль жеңип алды.

Тактап айтканда таяк тартыш боюнча 4 мамлекеттин ичинен өзүнөн оор салмактагыларга чыгып (105 +кг абсолюттук салмак) 2- орунду камсыздады. Өзүнүн салмагы болсо 90 кг.

Ал эми гира көтөрүүдө Россия, Кытай, Казакстандан келген спортчуларды жеңип биринчи орунду камсыздады. 32 кг салмактагы гираны атаандаштарынан көп көтөргөн.