Свердлов администрациясынын жыйындар залында райондун башчысы Максатбек Саргазаковдун, Бишкек шаардык кенешинин депутаттарынын катышуусунда Свердлов районунун аймагында "Бишкекасфальтсервис"муниципалдык ишканасы тарабынан 2023-жылдын 8 айында аткарылган иштер тууралуу жыйын өткөрүлдү.

Жолугушууда жолдорду жана тротуарларды куруу иштери боюнча маалыматтар көрсөтүлдү.

Бүгүнкү күндө бекитилген титулдук тизмеге ылайык Менделеев жана Үсөнбаев көчөсүнүн жолунун курулуш иштери толугу менен аяктап, Керченский жана Арал тар көчөлөрүндө бордюрлар жана сугат лотоктору орнотулуп, капиталдык курулуш иштери жүрүүдө.

Жыйынга башчынын орун басары, МАБнын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын, “Бишкекасфальтсервис” МИнын өкүлдөрү катышты.