Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасын аткаруу максатында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча 4 муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, "Бишкекасфальтсервис" МИсинин, Бишкек шаарынын ШИИБ боюнча жол кайгуул кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, "Бишкекбашкыархитектура" МИнин өкүлдөрүнүн катышуусу менен борбордун көчөлөрүндө автоунаа тыгыны байкалган айланма жолдорго көчмө жыйын өткөрүлдү.

Комиссиялык көчмө жыйындын алкагында  көчө-жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу, транспорт каражаттарын башаламан токтотуу маселелерин чечүү максатында тиешелүү кызматтарга Бөкөнбаев, Москва, Логвиненко, Панфилов, Шопоков, Тыныстанов, Ибраимов, Токтогул көчөлөрүнө тиешелүү 3.27 "токтотууга тыюу салынган" жол белгилерин орнотуу, ошондой эле жогоруда аталган көчөлөргө параллелдүү токтоонун тиешелүү белгилерин орнотуу боюнча тапшырмалар берилди.

Көчмө комиссиянын алкагында Бөкөнбаев көчөсүндө курулуп жаткан тротуарлардын сапаты текшерилди. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына тротуарларды курууда бардык зарыл болгон курулуш нормаларын сактоо, жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу жана иштерди белгиленген мөөнөттө аяктоо жөнүндө протоколдук тапшырмалар берилди.

Шопоков көчөсү боюнча ("ЦУМ" соода борборунун жанында) башаламан токтотуу маселеси каралып, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына 3.27 "токтотууга тыюу салынган"жол белгилерин орнотуу зарылдыгы тууралуу тапшырма берилди.

Бул чаралар Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга жана Бишкек шаарындагы башаламан токтотмо жана унаа токтотуучу жайларга каршы күрөшүүгө багытталган.

Авто сүйүүчүлөрдөн жол кыймылынын эрежелерин сактоону  суранабыз.

Бир айдоочунун кайдыгерлиги миңдеген шаардыктарга ыңгайсыздык жаратат.