14-сентябрда №20 кесиптик лицейинде троллейбус айдоочулукка окууга тапшырган окуучулар үчүн алгачкы таанышуу сабагы болуп өттү.

Сабакка троллейбустун айдоочусу болууну каалаган 27 студент катышты. Лицейдин резервинде жалпысынан 50дөн ашык адам каттоодо турат.

Эске сала кетсек, №20 кесиптик лицейи Бишкек шаарындагы троллейбус айдоочуларын даярдаган жалгыз окуу жай болуп саналат.

Айдоочуларды даярдоо профессионалдык деңгээлде, троллейбустарды башкарууда чоң практикалык тажрыйбасы бар, жогорку категориядагы мугалимдер тарабынан жүргүзүлөт.

Практика   троллейбус башкармалыгы тарабынан камсыздалат. Ошондой эле студенттерге окуу учурунда стипендия төлөнөт.

Курсту ийгиликтүү аяктаган студенттерге жумушка орношууга кепилдик берилет.