Шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын бардык аймагында тротуарларды курууну активдүү жүргүзүүдө.
Тоголок Молдо көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин чыгыш тарабынан ирригациялык система жана бордюрлар салынган. Люктарды көтөрүү жана тротуардын негизин даярдоо боюнча иштер башталды.
Бүгүнкү күндө Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки ирригациялык системаны орнотуу иштери 90% га аяктады. Ошондой эле тротуар бордюрлары орнотулуп, иштер 40% га бүткөрүлдү. Ушундай эле иштер түндүк тараптан башталган.