Муниципалдык инспекция коомдук жайларда тазалык тартиптерин бузгандар менен күрөшүү иштерин улантууда.
Көп жылдардан бери өзгөрүүсүз калган көйгөйлөрдүн бири – жарандар тарабынан тазалыктын жөнөкөй эрежелеринин сакталбагандыгы. Эртең менен тротуарга же жолго таштанды таштоо иш менен бара жатканда милдеттүү ырым катары калыптанып калгандай.
Бул себептен улам инспекторлор таңкы саат 6:00дөн баштап катуу таштандылар топтолгон айрым пункттарда рейддерди өткөрүшүүдө.
Бул жолу шаар тургундары Ажымалиева А.Б., Гайбулдаева У. жана Ахунбаев 118 дарегинде жайгашкан «Эки Дос» тез татым түйүнүнүн ээси кармалышты. Тартип бузгандарга жеринде “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгү боюнча ар бирине 5 миң 500 сомдон протоколдор түзүлдү. Алардын айрымдары жоопкерчиликтен качып, жеке маалыматтарын берүүдөн баш тартышкан, маселе РИИБдин өкүлдөрүнүн жардамы менен чечилген.
Ошондой эле инспекторлор Октябрь районундагы таштанды топтоо пункттарына эскертүүчү баннерлерди илип, тартип бузгандар менен күрөшүүнүн бардык ыкмаларын колдонушуда.
Урматтуу шаар тургундары! Инспекция сиздерди тиричилик жана башка таштандыларды таштанды контейнерлерине таштоого, жаш жарандарга экологиялык жактан таза үлгү көрсөтүүгө жана шаарыбызга жакшы кам көрүүгө чакырат.
Көрктөндүрүү эрежелери бузулган учурда инспекция күнөөсүн мойнуна алган, албаганына карабастан, протоколдор түзүлөөрүн эскертет.