Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда Москва көчөсүнөн баштап Ибраимов көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоолдук жараткан объектилерди бузуу иштерин жүргүзүүдө.
Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.
Иштин жүрүшүндө 7 капиталдык кирүүчү кошумча курулуш жана 13 жеңил типтеги объекттилер демонтаждалат. Ошондой эле 15тен ашык жарнамалык конструкция алынып салынды.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин баалап, муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууңуздарды суранабыз!