Тротуарлардын капиталдык курулушунун алкагында Биринчи май акимиатында жумушчу кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеге район башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Райым Жолдошов, "Бишкексасфальтсервис" муниципалдык ишканасы, МАБнын, подряддык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Күн тартибинде 2023-жылга кошумча титулдук тизмеге кирген тротуарларды куруу мезгили аяктаганга чейин капиталдык оңдоо иштерин бүтүрүү маселеси каралып, ошондой эле тийиштүү объекттерди бузуу, көйгөйлүү участоктор жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Ошентип, биринчи этапта 14 көчө бар, жалпы узундугу 22 800 метр:
- Медеров көчөсү Б.Баатырдан Панфилов көчөсүнө чейин;
- Панфилов көчөсү Фрунзеден Медеров көчөсүнө чейин;
- Абай көчөсү Ахунбаевден Горький көчөсүнө чейин;
- Л. Толстой көчөсү Ч. Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин (түштүк тарабы) жана Б.Баатырга чейин (түндүк тарабы);
- Москва көчөсү Манас проспектисинен Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Токтогул көчөсү Манас проспектисинен Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Киев көчөсү Манас проспектисинен Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Фрунзе көчөсү Манас проспектисинен Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Ю. Абдрахманов көчөсү Ж. Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин;
- Эркиндик бульвары Ж.Жолу проспектисинен Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Логвиненко көчөсү Чүй проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин;
- Т. Молдо көчөсү Ж. Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин;
- Бөкөнбаев көчөсү Манас проспектисинен Б.Баатыр көчөсүнө чейин;
- Исанов көчөсү Ж.Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин.
Белгилей кетсек, калган үч көчөнүн жалпы узундугу 7250 метр тротуарлар капиталдык оңдоодон өтүп, анын ичинен 5500 метр тротуар бүткөрүлдү.
- М. Ганди көчөсү Ж.Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин;
- Фучик көчөсү Рыскуловдон клуб көчөсүнө чейин;
- Горький көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен Б.Баатыр көчөсүнө чейин.