Октябрь административдик району «Бишкекбашкыархитектура» МИ, «Тазалык» муниципалдык  ишканасы, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы жана №10 муниципалдык аймактык башкармалык менен биргеликте Кулатов көчөсүндөгү мыйзамсыз жарнактарды жана баннерлерди алуу иштерин жүргүзүүдө.

Алсак, 35тен ашык көрнөк-жарнак конструкциялары демонтаждалып, 90 эскертүү берилген.

Ошондой эле, "Укук бузуулар" жөнүндө кодексине ылайык  13 000 сомго 5 протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, бул багыттагы иштер улантылууда.