Октябрь акимиатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмононалиев, «Кыргыз тест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская,  Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевдин жана жана райондук түзүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Каныбек Осмоналиев жана Батма Топоева-Ставинская мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди тиешелүү деңгээлде билүүсүнө карата коюлган талаптарды баса белгилеп өтүштү. Ошондой эле, Каныбек Осмоналив өз сөзүндө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын артыкчылыктарын айтып, 30 жылга  салыштырмалуу карасак, эми гана талаптагыдай аткарылып баштаганын жана мыйзамды кабыл алуу резонансты жараткандыгын билдирди.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөлөрү иш кагаздарын жазууда кызматкерлер адабий тилдин нормаларын сактоосу керектигин эскертишти.

Улуттук комиссиянын өкүлдөрү өз баяндамасында Октябрь акимиатында мониторингдин жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык кат алышуу кыргыз тилинде жүргүзүлүп, бул 89% түзөрүн белгилешти.

Ошондой эле, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев райондук мамлекеттик администрацияларда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн абалы боюнча маалымат берди. Анын айтымында, январь айынан сентябрга чейин мамлекеттик тилде жазылган каттар 93%ды түздү.