7-сентябрда «АК ИЛБИРС» олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде эркин күрөш боюнча мастер-класс өттү. Ага 25тен ашык адам катышты.

Мындай окутуу иш-чараларынын максаты спорттун бул түрүн жайылтуу, окуучуларды дене тарбия менен машыгууга тартуу жана алардын ден соолугун чыңдоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу иш-чарасы Бишкек шаарынын мэриясынын жана «АК ИЛБИРС» спорттук-өспүрүмдөр спорт мектебинин колдоосу менен өткөрүлдү.