20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынды

Жүргүнчүлөр үчүн биз накталай эмес төлөм ыкмаларынын кеңири жолдорун сунуштайбыз. Сиз төмөнкү жолдор менен төлөй аласыз:

- үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
- Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
- Виртуалдуу NFC картасы;
- Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;
- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Тулпар системасынын иши менен таанышып чыгууну жана накталай эмес төлөмгө өтүүнү суранабыз.