Борбор калаада Логвиненко көчөсүн бойлой Л.Толстой көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин эки тарабында тротуар оңдолууда.
Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин күн чыгыш тарабына сугат лотоктору жана тротуарлардын бордюрлары орнотулду. Токтогул көчөсүнөн батыш тарабындагы Москва көчөсүнө чейин ирригациялык системаны орнотуу иштери 80%га аткарылып, бордюр орнотуу иштери аяктады.
Логвиненко көчөсүнүн чыгыш тарабында Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин бордюр орното башташты.
Ошондой эле, Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин бордюр жана ирригациялык системаны орнотуу иштери аяктады. Тротуардын негизин даярдоо иштери башталат.
Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө карай Логвиненко көчөсүнүн батыш тарабындагы эски асфальттарды алуу уланууда.
Аба ырайынын шартына байланыштуу Логвиненко көчөсүндөгү тротуарды капиталдык оңдоону келерки айдын башына чейин бүткөрүү пландалууда.