Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тышкы жарнаманы иретке келтирүү боюнча рейд өткөрдү.
Алсак, 7-апрель көчөсү менен Курманжан Датка көчөсүн бойлой Жибек Жолу проспектисине чейин жарнама конструкцияларды алуу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Рейддин жыйынтыгында 20 жарнамалык баннер демонтаждалды.
Буга чейин комиссия жарнамаларды жана кулактандырууларды таратуу эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Текшерүүлөр шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманы жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү болуп саналат.