«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы “Ала-Арча” дарыясын күзгү күчөтүлгөн кол менен жана механикалаштырылган тазалоо иштерин баштады.
Дарыянын жээгинде куурап калган бадалдарды жана бак-дарактарды кыюу, камыштарды жана башка отоо чөптөрдү чабуу иштери аткарылууда.
Белгилей кетсек, мындай иштер жаз жана күз мезгилдеринде жүргүзүлөт.
Мындан тышкары “Бишкек суу чарба” муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын өндүрүштүк иштердин планына ылайык, шаардын кургак жана суусу аз аймактарын мындан ары сугат суу менен камсыз кылуу үчүн шаарга жаңы 6 скважина куруп, бургулоо пландаштырылган. Азыркы учурда 2 скважинанын бургулоо иштери аяктаган.
Урматтуу шаардыктар! Негизги каналдарга жана коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды таштабоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.