17-сентябрда борбор калаада Ак илбирсти сактоо боюнча жыл сайын өтүүчү эл аралык кайрымдуулук жарым марафон Бишкектин башкы борбордук көчөлөрүндө өтөт. Буга байланыштуу жарыштын маршруту өтө турган көчөлөр жабылат.
17-сентябрда саат 06:00дөн 10:00гө чейин 21-чакырымда төмөнкү көчө тилкелери жабылат:
- Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
- Иманалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
- Масалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
- Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Белгилей кетсек, баштапкы төгүмдөрдүн каражаттарынын бир бөлүгү жыл сайын кайрымдуулук иштерине жумшалат. Иш-чара 5000 адамдын катышуусу менен "Ала-Тоо" аянтында өтөт. Жарыштын алкагында 1 км, 5 км, 14 км, 21.1 км аралыктар, ошондой эле 3 жаштан 9 жашка чейинки балдар үчүн жарышы каралган.
Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар! Биз келтире турган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну суранабыз.