Свердлов акимиаты социалдык маанилүү оорулар боюнча көп секторлуу ведомстволор аралык координациялык комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Муниципалдык администрациянын жыйындар залында башчынын орун басары Асель Садыкованын төрагалыгы алдында социалдык маанилүү оорулар боюнча көп тармактуу ведомстволор аралык координациялык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Күн тартибинде төмөнкү актуалдуу маселелер каралды:

- А жана В вирустук гепатиттери;
- Кызамык;
- Калктын психикалык саламаттыгын сактоонун чаралары жана чечүү жолдору;
- Тамеки тартуу.    
Жыйынга медицина кызматкерлери, үй жана квартал комитеттеринин төрагалары жана райондун активисттери катышты.

Жыйында актуалдуу маалыматтар каралып, ар бир маселе боюнча талкуулар өткөрүлдү. А жана В вирустук гепатиттери, кызамык жана башка социалдык маанилүү оорулар менен күрөшүү муниципалитет үчүн артыкчылыктуу милдет экендиги баса белгиленди. Бул оорулардын жайылышын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча чаралар талкууланды.

Мындан тышкары, калктын психикалык саламаттыгын сактоонун өзгөчөлүктөрү талкууланып, аны жакшыртуу чаралары жана жолдору сунушталды. Өзгөчө көңүл тамеки көйгөйүнө жана анын жайылышын азайтууга бөлүнүп,  сунуштар каралды.