Бүгүн, 2023-жылдын 13-сентябрында №6 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясынын базасында борбор калаанын мэриясынын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева мектеп жана бала бакчалардын директорлору менен тегерек стол өткөрдү.
Бул иш-чарада Рахат Мусаева коомдук уюмдун камкорчулар кеңешинин иши кандай жүргүзүлүшү керектиги тууралуу кеңири айтып берди.
Тегерек столдо камкорчулар кеңешинин иши талкууланып, анын максаттары жана милдеттери боюнча суроолор көтөрүлдү. Билим берүү департаментинин директору катышуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.
Белгилей кетсек, тегерек столго акимдердин орун басарлары, төрт райондун билим берүү борборлорунун жана каржы бөлүмдөрүнүн башчылары, ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.
Маалымат: Кеңештин максаты көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, гуманитардык жардамды жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жана бөлүштүрүүгө көмөктөшүү, социалдык мекемелердин ишинин ачыктыгын камсыздоо болуп саналат.