Мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгы Кулатов көчөсүндөгү тротуар курууга тоскоол болгон объектилерди буздурууда.

Башкармалыктын кызматкерлери №10 МАБнын жана ”Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Иштин жүрүшүндө 150 чарчы метрди түзгөн темир тосмолор жана үч капиталдык кошумча кире бериш курулуш ээлери тарабынан өз ыктыяры менен демонтаждалган. Ошондой эле, тротуар курууга тоскоол болгон 30дан ашык жеңил объектилер жана 65тен ашык жарнама  конструкциялары алынды.

Мындан тышкары уруксат берүүчү документтери жок жарнама конструкцияларын орнотуу боюнча 8 протокол түзүлдү.

Эскерте кетсек, буга чейин Башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотулган курулуштардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттар менен курулуштардан  бошотуу тууралуу билдирүү берилген.