"Бишкекжашылчарба" МИ кызматкерлери Байтик-Баатыр жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде дагы бир сквердин курулушун аяктады.
"Бишкекжашылчарба" МИнин кызматкерлери аянты 120 кв 2 болгон сквердин бордюрун жана тротуарын орнотушту .
Ошондой эле 14 даана Б3 сугат лотоктору (ар бири 3 метр) орнотулуп, курулуш иштери аяктагандан кийин жарандарга жана жакынкы үйлөрдүн жергиликтүү тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн дароо отургучтар жана таштанды челектери орнотулду.
Албетте, кызматкерлер жаңы аянтты жашылдандыруусуз калтырышкан жок. Жеринде топурак себилип, андан ары жашылдандырылып, газон чөптүн уруктары себилди.
Эскерте кетсек, бул аймак мурда пайдаланылбай, караңгыда балдарга кооптуулук жараткан.