8-сентябрда «АК ИЛБИРС» олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде самбо боюнча мастер-класс өттү.
Күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпиону Медетбек кызы Мираида жана Кыргыз Республикасынын чемпиону Асанбекова Аида практикалык сабак өтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Мастер-класска 30га жакын спортчу катышты.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу иш-чарасы Бишкек шаарынын мэриясынын жана «АК ИЛБИРС» спорттук-өспүрүмдөр спорт мектебинин колдоосу менен өткөрүлдү.