«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы Чынгыз Айтматов проспектинде Ахунбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгүндө торшерлерди сырдап жатат.
Ишкананын кызматкерлери болжол менен 150дөй торшерди жаңыртты.
Бул багыттагы иштер улантылат.
Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын коноктору, сиздерден муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууну, көчөлөрдүн жарык берүүчү мамыларына жарнамаларды чаптабоону жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз!