Борбор калаанын акимияттарында салтка айланган пландык жыйындар өттү.

Биринчи май райондук муниципалдык администрациясынын жыйындар залында 4 маселе каралды: тротуарларды капиталдык оңдоо, газдаштыруу, «Санарип аймагы» системасын толтуруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин « Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу.
«Бишкекасфальтсервис» МИнын маалыматына ылайык, 3 көчөдө жалпы узундугу 5550 метрди түзгөн тротуарларды капиталдык оңдоо иштери жүрүп, анын 1700 метри бүткөрүлдү.

Ушундай эле иштер узундугу 24 миң 800 метр болгон 14 көчөдө жүргүзүлүүдө, анын ичинен 11 көчөдө 18 миң 800 метр, ал эми Москва, Токтогул, Киев жана Абай көчөлөрүндө 7 миң 500 метрге чейин иш баштала элек.

Экинчи маселе каралып жаткан учурда  райондо «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тарабынан тейленүүчү 24 откана бар экени айтылды.
- №54, 41, 49, 15 мектептерде отказандарды  газга, №86, 99-мектептерде электр энергиясына өткөрүү иштери жүрүп жатканы белгиленип, 6 откананы жылуулук сезону башталгыча бүтүрүү пландалууда;
- 14 жаратылыш газы менен:  №75, 19, 78, 101 билим берүү уюмдарында, №1 мектеп-интернатында, «КЭЧ-1», «КЭЧ-2», «Жаш Гвардия», «Геодезия-1», « Урицкий», «Ботаникалык бак», «Аскердик бөлүк», «Факел», «Клуб»;
-4 мектеп электр энергиясы менен:  №83, 78, 81, 18.

Ошону менен бирге райондун билим берүү мекемелериндеги көмүр отканаларын жаратылыш газына өткөрүү, ошондой эле турак жайларды газдаштыруу иштери жүрүп, 210го жакын үй кредиттик линия аркылуу кошулган.

Үчүнчү маселе  боюнча: бүгүнкү күндө “Санарип Аймак” системасында каттоо кызуу жүрүп жатат, ошондой эле маалыматтарды толтуруу учурунда пайда болгон орчундуу маселелерди чечүү талкууланып, сунуштар жана  иш пландары айтылды.

Төртүнчүсү муниципалдык аймактык башкармалыктар имамдар менен биргеликте тургундар менен ысырапкорчулук боюнча жолугушууларды улантып, мечиттерде дагы чиркөөчүлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Белгилей кетсек, Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык-экономикалык турмуш деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Пландык жыйындын жыйынтыгы менен сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен райондук кызматтарга тапшырмалардын протоколу түзүлдү.