Бишкек шаарынын Транспорт жана курулуш боюнча мэрдин орун басарынын милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев менен биргеликте Кулатов көчөсүн бойлой тротуардын курулушунун алкагында көчмө жыйын өткөрдү.
Жыйынга Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын, «Бишкекбашкыархитектура» МИ, «Бишкекасфальтсервис» МИ жана акимчиликтин өкүлдөрү катышты.
Ибраимов жана Кулатов көчөсүндөгү тротуарды курууга тоскоол болгон объектилердин маселелери боюнча комиссиянын кароосу өттү. Түшүндүрүү иштеринен кийин ишкерлер үч күндүн ичинде объекттерди бузууга милдеттеништи.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.
Белгилей кетсек, буга чейин бир нече объектилердин ээлери өз ыктыяры менен аларды алышкан.
Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясы тротуар куруунун маанилүүлүгүн түшүнүп, муниципалдык аймакты бошотуп жаткан чарбалык субъектилердин ээлерине ыраазычылык билдирет.
Ошондой эле Бөкөнбаев көчөсүндөгү «Шашлычная-1» кафеси муниципалдык аймакты ээлеген. Жогорудагы объектини бузуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, Ибраимов көчөсүндө да тротуар курууга тоскоол болгон объектилер боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Борбор калаанын тротуарлары кенен, ыңгайлуу жана тоскоолдуксуз болушу керек!