Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы
шаардын аймагында жайгашкан курулуп жаткан объектилердин убактылуу тосмолорунун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Курулуш объектилеринин убактылуу тосмолорун 10 күндүн ичинде тийиштүү эстетикалык көрүнүшкө келтирүүнү талап кылган эскертүүлөр берилди.
Ошентип, төмөнкү объекттерге билдирүүлөр жеткирилди:
- Ветеринарная көч,14 дарегиндеги «Урбис Групп» ЖЧКсы;
- "Ынтымак" конушу, Улан көч, 3;
- Азия көч, 229, дарегиндеги «Аслан Строй» ЖЧКсы;
- Горький-Юнусалиев көчөсүндөгү турак үй;
- Юнусалиев көч,14 дарегиндеги мейманкана;
- Сыдыков көч,115 дарегиндеги кеңсе;
- Менделеев көч, 152 дарегинде жайгашкан «Эркин Констракшн» ЖЧКсы, 9 кабаттуу турак жай пентхаусу менен, СКБ объектилери жана жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар ;
- Көлбаев көч, 45 дарегиндеги «КАЙНАР» ЖЧКсы, көп кабаттуу үйү;
- Панфилов көч, 84 дарегиндеги кеңсе;
- Кулатов көч, 64 дарегинде жайгашкан кофетерий кеңсеси менен.
Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
мындай мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тынымсыз иш алып барууда.