AFEW Kyrgyzstan БУУнун кургак учук боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынына даярдык көрүү максатында ЖМК өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин басма сөз катчылары үчүн тренинг уюштурушту.
Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттыкты сактоо тармагында иштеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн басма сөз катчылары катышты.
Тренерлер Наталья Шумская, Нестан Мойдунова, Айымгүл Дүйшекеева, Бакыт Мырзалиев, Муратбек Ахматов, Жанетта Жанатаева жана Улукбек Батыралиев болушту.
Конференциянын жүрүшүндө кургак учук инфекциясы, ошондой эле калк тарабынан стигма болуп жатканы жөнүндө айтып беришти.
Кургак учук – бул көбүнчө өпкөгө таасир этүүчү жана бактериялардын белгилүү бир түрү козгогон жугуштуу оору. Ал жуккан адамдар жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же какырык чыгарганда аба аркылуу жугат.
Белгилей кетсек, OneImpact Kyrgyzstan атайын мобилдик тиркемеси бар, ал кургак учук тууралуу көбүрөөк билүүгө, медициналык кызматтарга жетүүгө, ошондой эле көйгөйлөр пайда болгон учурда билдирүүгө мүмкүндүк берет.