«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы шаардын пайдаланылбаган жана татаал участокторунда капиталдык иштерди улантууда.

Ошентип, Чүй проспектиси Бейшеналиев көчөсүнөн Ю.Фучик көчөсүнө чейин жолдун эки тарабында жашыл аянтты уюштуруу боюнча капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Шаардын батыш тарабындагы жашыл көрүнүштү жакшыртуу, ошондой эле Ош базарынын жанындагы шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштер жүргүзүлүүдө. Кийин жашыл ийне жалбырактуу дарактардын тосмосу бишкектиктерге жолду туура эмес жерден кесип өтүүгө жол бербейт.

Азыр жашылдандыруучулар топурактын деңгээлин көтөрүп, түздөп жатышат, аны келечекте тамыр системасы жабык ийне жалбырактуу туядан 1000 даана санда отургузууга даярдап жатышат.

Ошондой эле Ч.Айтматов жана Масалиев проспектилеринин кесилишинде иштер жүрүп жатат. Эми 900дөн ашык ийне жалбырактуу өсүмдүктөр турак үйлөрдүн жанындагы сейилдөөчү аянтты өзгөртөт.

Анткени, ар бир жашыл мейкиндик адамды кубандырат, ал эми жашыл түс бардык дене системаларынын, өзгөчө кан айлануу жана нерв системаларынын ишин нормалдаштырган жакшы стабилизатор.