Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан “Тазалык” муниципалдык ишканасынын айрым унаалары мамлекеттик номурлары жок жүргөнүн аныктады.
Өз кезегинде Тазалык ишканасы ыкчам чара көрүп, атайын техникаларга мамлекеттик номурларды орнотуу жана техникалык паспортторун калыбына келтирүү боюнча биринчи этабын бүтүрүштү.
Жакынкы арада «Тазалык» муниципалдык ишканасы автопарктагы унаалардын жок же жоголгон номурларын жана техникалык паспортторун жол эрежесине ылайык келтирет.
Буга чейин 53 атайын техниканын тиешелүү документтери жок болгон. Биринчи этапта 10 унаанын документтери даярдалса, экинчи этапта 23 унаанын документтери даярдалууда. Ишканада 198 унаа бар.