Ысык-Көлдүн жээгинде бильярд жана велосипед спорту боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жайкы ден соолукту чыңдоо жыйымынын экинчи агымын өткөрдү.
2023-жылдын 29-августтан 8-сентябрга чейин велоспорт бөлүмүнүн студенттери арасында жайкы ден соолукту чыңдоо лагери өткөрүлдү. Ага 11 спортчу катышты.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментине караштуу бильярд жана велосипед спорту боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби уюштурду.