Жыл сайын 9-сентябрда шаарда кыргыздын улуттук үч кылдуу аспабы – комуз күнү белгиленет.

Комуз кыргыздын улуттук маданиятынын сыймыгы жана элдик өнөрдүн өзгөчө символу.

Майрамдын алдында борбор калаадагы №14 мектепте «Комуз кыргыз элинин улуу мурасы» аттуу иш-чара болуп, ага Октябрь районундагы мектептердин таланттуу окуучулары катышты.

«Дордой-Плаза» соода борбору, «ЦУМ Айчурок» соода борборунда жана «Восток-5» арбатта  «Комуз кыргыз элинин улуу мурасы» аттуу иш-чара болуп, ага Свердлов районундагы мектептердин таланттуу окуучулары катышты.

Ленин районундагы мектептерде улуттук күүлөр ойнолуп, улуттук аспап комуз күнүнө карата салтанаттуу жыйындар, иш-чаралар өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары Комуз күнүн белгилөө жөнүндө жарлыкка 2019-жылдын июль айында кол коюлган, майрам жыл сайын 9-сентябрда белгиленет. Бул майрам элдин ынтымагын чыңдоого, коомчулуктун башын бириктирүүгө, ошондой эле этникалык коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүүгө багытталган.